Рейддик иш-чаралар «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамынын алкагында Биринчи май районунун аймагында «Тамеки чегүү» рейди өткөрүлдү.

Акимчиликтин, райондук ички иштер, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн, №12 МАБнын кызматкерлеринен турган комиссия 10 мекемени кыдырды.

Жыйынтыгында «Istanbul» кафесинде (М. Горький  көчөсү 89), «Мюнхен паб» (Токтогул көчөсү 87а), лаундж-бар «Хабиби» (Фатьянова көчөсү 69/1) мыйзам бузуулар аныкталып, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 84-беренесинин негизинде протоколдор түзүлүп, 13 000 миң сом, 39 000 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Калгандарында мыйзам бузуулар аныкталган эмес, мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет, б.а. тамеки чеккен жаранга айып пул салынат.