Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында олимпиадалык таэквондо боюнча «BISHKEK OPEN 2023» эл аралык ачык чемпионаты өттү.
Мелдешке Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Монголиянын спортчулары катышты.
Мелдештин жыйынтыгында Р. Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары 10 медалга ээ болушту.
Раиль Кутанов, Даяна Кудайбергенова жана Азал Бабаева алтын медал жеңип алышты. Ал эми Богдан Пягай эки алтын медалга ээ болду. Күмүш медалды Сахиба Софиева жеңип алды. Ал эми Даниел Шаршеев, Диана Ахметова, Айлин Карагулова жана Анжелика Жунусова коло медалдын ээлери болушту.