Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жана Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов МАБ жана “Тазалык" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен бирге таңкы текшерүү иштерин жүргүздү.

Негизги текшерүү пункттары санитардык тазалоо жана катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу болду. Жумушчу топ жүргүзүлүп жаткан иштерге баа берип, бул жааттагы кырдаалды жакшыртуу боюнча кошумча чараларды талкуулады.

Андан кийин Чүй проспектисиндеги Шопоков жана Ж.Абдрахманов көчөлөрүнүн ортосундагы аялдама комплекси үчүн коомдук мейкиндиктин курулушу текшерилди. Учурда аймакты пландаштыруу активдүү жүрүп жатат.

Кыдыруунун соңунда “Каражыгач” паркынын жанаша аймагын көрктөндүрүү маселелери талкууланды. Аталган эс алуу жайын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды.