Ленин акимиатынын кызматкерлери Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, Ички иштер башкармалыгы, Мамлекеттик салык кызматы жана Ленин райондук билим берүү башкармалыгы менен биргеликте жашы жете электерге тамеки буюмдарын, электрондук тамекилерди жана энергетикалык суусундуктарды сатуу боюнча соода түйүндөрүндө рейд жүргүзүштү.
Рейд учурунда ведомстволор аралык комиссия дүкөндөрдү, күркөлөрдү кыдырып, жалпысынан 20дан ашык соода түйүндөрү камтылган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ведомстволор аралык комиссия тарабынан жашы жете электерге тамеки буюмдарын жана энергетикалык суусундуктарды сатуу боюнча 16 миң сомго 5 протокол түзүлгөн.
Жашы жете электерге тамеки буюмдарын жана энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы жана сакталышы боюнча башка ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Урматтуу шаар тургундары, өзүңүзгө жана балдарыңызга кам көрүңүз!