Шаардык көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.
Инспекторлор тарабынан тыюу салынган буюмдарды өрттөөнү аныктоо иштери кызуу жүргүзүлүүдө.
Акыркы жумада 38 мончо жана сауна текшерилди. Тигүү калдыктарын, резина жана пластмассаларды мыйзамсыз өрттөө фактылары аныкталган жок.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери экологияны жакшыртуу максатында 198 рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча жалпы суммасы 478 миң сомго 41 протокол түзүлгөн.
Ошондой эле инспекция тарабынан ишкердик субъекттерине отундун альтернативдүү түрүнө өтүү боюнча эскертүүлөр сунуш катары берилет.
Урматтуу жарандар! Катуу калдыктарды, өндүрүштүк жана башка тыюу салынган буюмдарды жылытуу катары колдонбоону суранабыз.