Биринчи май районунда фонтандарды кышка даярдоо учурунда түтүктө агып кеткен жерлер аныкталган.
Биринчи май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Баисов, «Бишкексууканал» башкармалыгынын, «Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү дароо окуя болгон жерге барышкан.
Суу аккан жерди дароо табуу мүмкүн болгон жок, кыдырып текшергенде кийин өкмөттүк жана Эмен сейил бактарынын фонтандарынын түтүгү болуп чыкты.
Тез аранын ичинде авариялык оңдоо иштерин жеринде жүргүзүү чечими кабыл алынган, андыктан ишти «Бишкексууканал» башкармалыгы жүргүзөт, «Тазалык» МИ таман таштарды төшөйт, ал эми жашыл аянтчаларды «Бишкекжашылчарба» МИнин жашылдандыруучулары калыбына келтирет.
Калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүнө акимиат көзөмөл жүргүзөт.