Муниципалдык администрация тарабынан окуучулардын жол коопсуздугун уюштуруу боюнча акция өткөрүлдү. Иш – чара район башчысы Алтынбек Кутмановдун катышуусунда өттү.
Акциянын алкагында экинчи сменада окуп жаткан окуучуларга жарык чагылдыруучу ленталар-жеңдер таратылды. Иш-чара №12 мектептин базасында болуп, окуучулар үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен класстык сааттар өткөрүлүп, андан кийин кесилишке карай максаттуу сейилдөөлөр өткөрүлдү.
Жашы жете электердин катышуусундагы жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында, иш-чаралар эл көп жүргөн кесилиштерге жакын жайгашкан башка мектептерде да уюштурулат.
Эскерте кетсек, буга чейин райондук администрация тарабынан окуучулардын жолдон өтүүдөгү коопсуздугу боюнча акция уюштурган – кесилиштерде "Телефонду кой", "Наушникти өчүр" деген сүрөттөр түшүрүлгөн.