Биринчи май районунун «Көлмө» жаңы конушундагы муниципалдык аймактагы объектилердин мыйзамдуулугу текшерилет.

Райондун башчысы Мурат Осмонов   «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын, жерди пайдаланууну контролдоо  башкармалыгынын, муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин  жана №14 МАБнын өкүлдөрү менен биргеликте жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жолугушуу Республика жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп, документтер менен таанышып, жөө кыдырып текшеришти.

Жыйынтыгында «Мидин», «Мыскал», «Козу-Баглан», «Республика» жана «Алтын-Бешик» көчөлөрү менен чектешкен аянттагы ар бир участоктун бардык документтерин дыкат иликтеп, колдонуудагы объекттердин мыйзамдуулугу, ошондой эле жер участокторун ижарага берүү боюнча аныктоо тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, аким  №13 аймактык милиция бөлүмүнүн  ишмердүүлүгү менен таанышып, конуштагы коомдук-саясий кырдаал боюнча маалымат алды.

Андан соң №78 мектептин жанындагы Теңдик көчөсүнө спорт зал куруу маселесин талкууланды. Учурда спорт зал ачуу пландалып жаткан имарат гана бош турат.

Жыйынтыгында  протокол түзүлүп, райондук кызматтарга жөнөтүлдү.

Бул багытта текшерүү иштери уланууда.