Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Октябрь районунда ресторан ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, жума намазда да ашыкча ысырапкорчулукту токтотуу керектиги айтылат.

Ошентип, жумушчу комиссия 20-ноябрдан тарта рейддик иш-чараларын баштады, анын курамына акимчилик, аксакалдар, имам, Ички иштер башкармалыгынын, ӨКМдин жана муниципалдык инспекциянын кызматкерлери кирди.

Аксакалдар коомдогу социалдык абалга терс таасирин тийгизген ар кандай жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча акыл насааттарын айтып беришет.

Эске салсак, өткөн жылдын 24-февралында өлкө башчысы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.