Борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында “Тазалык” ишканасынын 10 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчету угулду.

Ишкананын директору Рамиз Алиевдин отчётунун жыйынтыгында “Тазалык” ишканасынын  ишин уюштурууда системалуу жана сарамжалдуу мамиленин жоктугу белгиленди. Катуу таштандыларды чыгаруунун жана санитардык тазалоонун белгиленген графигин бузуунун себеби ишкананын жумушчуларынын жана атайын техникасынын басымдуу бөлүгүнүн жумушун системасыз бөлүштүрүү болуп саналат.

Бул өз кезегинде борбор калаанын жолдорунда унаалардын жүрүшүнө  тоскоолдуктарды жаратат, анткени шаардын көчөлөрүндө таңкы саат 7:00дөн кийин атайын техникалар бар.

Шаар мэри катуу тиричилик таштандыларын чыгарууда жарандардын жана чарбалык субъекттердин  сааттарын белгилөө боюнча сунуш киргизүүнү, ошондой эле калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Алсак, коммуналдык кызматтар графикке ылайык таштандыларды саат 19:00дөн 00:00гө чейин чыгаруулары керек, башкача айтканда таңкы саат 7:00дөн кийин таштанды    чыгаруу мүмкүн эмес.

Ошентип, күндүз таштанды челектеринин жана аянтчаларынын  эстетикалык көрүнүшү тыкан көрүнүшкө ээ болот, ал эми жайкысын   жагымсыз жыттар аз  болот. Райондук администрацияларга бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Жыйында маалымат системасы сунушталып, борбор калаанын башчысы аны негиз катары колдонууну жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен ишке киргизүүнү тапшырды. Тактап айтканда, таштандыларды калтыруу жана тазалоо үчүн санариптик картаны киргизүү, ал убакытты, атайын жабдууларды жана жайгашкан жерди автоматтык түрдө аныктайт.

Мындан тышкары, «Тазалык» ишканасынын жетекчилигине ишкананын абоненттик базасын көбөйтүү, ошондой эле ишкананын кызматкерлеринин ишин уюштуруунун коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу, башкача айтканда, «Тазалык» ишканасынын бардык кызматкерлерин атайын техникалар менен камсыз кылуу милдети жүктөлдү.

Мэр жеринде текшерүү учурунда  тазалоочулар жана катуу таштандыларды чыгаруучу топтор атайын жарык чагылдыруучу кийимдердин (формалардын)  кийбегендигин, бул багытта иш жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

Мэрдин тапшырмасы менен Бишкек шаарынын аймактарын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү  иштеринин сапатын жогорулатуу үчүн “Тазалык” муниципалдык ишканасы жолдун бордюрларын механикалаштырылган тазалоого өтүү программасын иштеп чыгууда.

Шаарды тазалоо үчүн атайын техниканын жоктугунан кол менен тазалоо иштери колдонулат, анын натыйжасында коомдук жайларда тазалоочулардын саны көбөйүүдө, бул өз кезегинде шаардык бюджеттен олуттуу каражаттардын чыгымдалышына алып келет.

Коомдук жайларды тазалоочулардын эмгек коопсуздугун камсыз кылуу, тазалоо убактысын кыскартуу, санитардык тазалоонун сапатын жакшыртуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында заманбап автотранспортторду сатып алуу зарыл.

Учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасы бордюрларды жана жол бөлүктөрүн  тазалоо үчүн заманбап атайын техникаларды алуу боюнча сунуштарды карап, даярдоодо. Анын алкагында тажрыйба алмашуу жана атайын  унааларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында башка өлкөлөргө бир катар сапарлар пландаштырылууда.

Ишкананын ишинин оң натыйжалары катары жыйында анын кирешесинин көбөйүшү, ошондой эле аларды андан ары көбөйтүүнүн болжолдонгон тенденциясы белгиленди.

Мындан тышкары, мэр жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөткөн бардык муниципалдык ишканалар үчүн бирдиктүү абоненттик кызматты түзүү боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.