«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы күзгү форма кийип иштеп жатышат.
Борбор калаанын жарыктандыруучулары үчүн ишкананын көк, боз, сары түстөрүнө ылайыкталган 123 комплект форма жана бут кийим сатылып алынды.
Жол боюндагы кооптуу жерлерде өз милдеттерин аткарып жатканда жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кийим чагылтуу кездеме менен капталган.
Электриктердин жумушчу кийиминин негизги милдети жумушчуну электр тогунун соккусунан жана электр жаасынын таасиринен коргоо болуп саналат.