Борбор калаанын гүлзарларына жоогазындын баштарын отургузуу башталды. Жазгы гүлдөрдүн ар түрдүүлүгү шаар тургундарын түстөр жана оймо-чиймелер палитрасы менен кубандырат.
Быйыл баш калаанын гүлзарларына жалпысынан 171 миң баш жоогазын гүлдөрү отургузулду.
Жазында шаардыктар Жаштар аллеясында, Эмен паркында, Пушкин көчөсүндө Курманжан Датканын эстелигинин жанында, Театралдык скверде, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанында, Абдрахманов/Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, «Жомок» скверинде жоогазындын кооздугуна күбө боло алышат.
Өткөн жазда борбор калаада 160 миң жоогазын гүлдөдү.
Белгилей кетсек, жоогазындар соолуп калгандан кийин, баштары кылдаттык менен казып, кургатып, кийинки күздө кайра отургузушат.