Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Ар кандай профилдеги, командада иштей жана максаттарга жете алган, шаардын көйгөйлөрүнө кайдыгер эмес, керектүү көндүмдөргө, билимдерге жана иш тажрыйбаларга ээ квалификациялуу адистер чакырылат.
Ачык сынакты өткөрүү тартиби, ошондой эле ачык сынакка катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген.
Муниципалдык кызматтын кадрдык резерви – административдик кызмат орундарына талапкерлердин тобу. Кадрлардын резерви кенже, улук жана жетекчи кызматтарга талапкерлерден турат. Ага ачык конкурстук тандоодон өткөн жана мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары кирет.
Муниципалдык кызматтын бош административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кадрдык резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынакка катышуунун шарттары менен кененирээк Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтынан таанышсаңыз болот https://bishkek.gov.kg/ru/vacancy/97