Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен эки райондун жетекчилери тротуарлардын курулушу менен таанышты.
Свердлов районунун акими менен Октябрь районунун акими «Бишкекасфальтсервис» МИнын адистери жана подрядчылар менен биргеликте тротуарларды курууда аткарылып жаткан иштердин сапатын текшерди.
Бүгүнкү күндө Свердлов районунун аймагындагы тротуарларды капиталдык оңдоо иштери аяктады:
- Чүй проспектиси Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин;
- Ибраимов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов көчөсү Жумабек көчөсүнөн Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейин;
- Чүй проспектиси боюнча Курманжан-Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин.
Октябрь району боюнча:
- Медеров көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн Жукеев Пудовкин көчөсүнө чейин.
Учурда Свердлов районундагы төрт объектте оңдоо иштери кызуу уланууда:
- Сүйүмбаев көчөсү боюнча Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин. Бүгүнкү күндө Москва көчөсүнөн Свердлов РИИБге чейин эки тарабына асфальт төшөлдү, ошондой эле Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин батыш тарабы бүткөрүлдү, ошол эле жолдун чыгыш тарабын асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүп жатат.
- Жибек-Жолу проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт төшөө иштерине даярдык көрүү максатында үстүн тегиздөө иштери жүрүп жатат.
- Абдрахманов көчөсү боюнча Күрөңкеев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин. Көчөнүн батыш тарабы Абдрахманов көчөсүндө Жибек Жолу пр. Күрөңкеев көчөсүнө чейин асфальтталган. Ал эми чыгыш тарабы асфальтка даярдалган.
- Шабдан-Баатыр проспектиси боюнча 7-апрель көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин, көчөнүн батыш тарабында 7-апрелден Лермонтов көчөсүнө чейин асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, Октябрь районунда Байтик-Баатыр көчөсүнөн Кулатов көчөсүндөгү иштер 90%га аткарылды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир нече мыйзам бузуулар аныкталды: асфальт-бетон төшөлмөнүн белгиси тротуардын бордюрунан жогору болгон, пандустарда асфальт-бетон төшөлгөн эмес. Асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөө жана тегиздөөдөн кийин тротуарлардын бордюрлары жылып кеткен, ошондой эле мамлекеттик стандартка жооп бербеген башка мыйзам бузуулар аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен подрядчыларга тротуарларды сапаттуу жасап, бордюрларды тегиздеп, бардык мүчүлүштүктөрдү тез арада оңдоо тапшырмасы берилди.