Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү жана Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгы менен куттуктады.
Куттуктоосунда мэр Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасында прокуратуранын маанилүүлүгүн белгиледи.
Прокуратура кызматкерлери бүтүндөй мамлекеттик механизмдин туруктуу иштешин камсыздап, коомдогу кылмыштуулук жана башка мыйзамсыз көрүнүштөр менен күрөшүүдө алдыңкы катарда турушат,- деп кошумчалады мэр.
Айбек Джунушалиев прокуратура кызматкерлерине кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, аларга бакубатчылык жана чын ден соолук каалады.
Прокуратура органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн сыйланышты.
Мелсбек кызы Асылай – Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты менен сыйланды.
Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен:
Абдыкадыров Акыл Тилебердиевич;
Джуманазаров Гапар Кутушбекович;
Рыскулов Рустам Акбарович;
Мурзалиев Жолдошбек Абдибахапович;
Исланова Адилета Маратбекович;
Маданбекова Лира Орумбековна.
Бишкек шаарынын мэриясынын кол сааттары төмөндөгүлөргө берилди:
Шаршеев Улан Онолбекович;
Укуева Венера Борисовна;
Джаманкеев Абдрашид Абдыбекович.
Мамыров Алайбек Омурзакович Бишкек шаарынын мэриясынын алтын төш белгиси менен сыйланды.
Эске сала кетсек, 1924-жылдын 22-ноябрында РСФСРдин Кара-Кыргыз Автоном облусунун Революциялык комитетинин Президиумунун токтому менен областтын юстиция Элдик комиссариатынын системасында 15 адамдан турган биринчи кыргыз көзөмөл органы - элдик прокуратура түзүлгөн.
Бишкек шаарынын мэриясы прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чын ден соолук жана ийгиликтерди каалайт.