Аялдардын жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча  жыйын өттү.  Ага саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, дарыгерлер жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Иш-чарада адистер  аталган дартты азайтуудагы жасалып жаткан иштер тууралуу  маалымат берилип, төмөнкү максаттар алдыга коюлду:

-15 жашка чейинки кыздарды 90 %га чейин АПВга каршы эмдөөдөн өткөрүү;
- 35 жаштагы аялдарды 70%га чейин скрингден өткөрүп, ооруну эрте аныктоо  жана бул текшерүүнү 45 жашында кайталап жүргүзүү;
- 90% дарт аныктаган аялдарды көзөмөлгө алып, эрте дарылоону баштоо.

Жатын моюнчасынын рагы менен 15-44 жаштагы аялдардын басымдуусу жабыркайт.

Аталган ооруну алдын алуу үчүн  адамдын папилома вирусуна каршы  эмдөөдөн өтүү керек. Адистер илдеттен толук айыгуу үчүн  эрте диагностикадан өтүү керектигин эскертишет.  

2020-жылдын 17-ноябрында Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо Уюму жатын моюнчасынын  рагын жок кылуу боюнча глобалдык стратегясы кабыл алынып, Кыргызстан ага кошулган.

Иш-чаранын максаты аталган  ооруну алдын алуу боюнча калкка маалымат жеткирүү.  Бир айлык -  2023-жылдын 17-ноябрынан 12-декабрына чейин жүрөт.