Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин кубогуна арналган таэквондо WT боюнча ачык турнирде жалпы командалык биринчи орунду ээлешти.

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине караштуу спорт мектебинин тарбиялануучулары 4 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту. Жеңүүчүлөр:

Сахиба Софиева – 1-орун;
Хафиза Садырова – 1-орун;
Даяна Кудайбергенова – 1-орун;
Алихан Садыков – 1-орун;
Владимир Ли – 2-орун;
Ислам Камчыбеков – 2-орун;
Андрей Бондаренко – 2-орун;
Назар Дженишбеков – 3-орун;
Элина Насырова – 3-орун;
Бегимай Есеноманова – 3-орун;
Аяна Сагынбекова – 3-орун.

Белгилей кетсек, мелдеш 19-ноябрда Бишкекте өткөн. Спортчулардын машыктыруучулары Азим Тажибаев, Дмитрий Пономарев жана Максат Акматов.