Борбор калаада тышкы жарнаманы жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча рейддер уланууда.
Биринчи май районунун акимиаты No15 МАБ менен биргеликте кечки рейд жүргүзүп, анын жыйынтыгында П.Лумумба көчөсүн бойлой Ден Сяопин көчөсүнөн баштап Профсоюз көчөсүнө чейин 30га жакын жарнамалык конструкциялар алынып, демонтаждоо иштеринин узундугу 1 кмди түздү.
Кийинки күнү райондук салык кызматы менен биргеликте Фучик көчөсүнөн баштап Кустанай көчөсүнө чейин узундугу 3,5 чакырымды түзгөн Профсоюз көчөсүндөгү күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча текшеришти.
Жыйынтыгында АИ-92 үлгүсүндөгү 200 литр бензин алынып, 12 миң сом өлчөмүнүндө 4 протокол түзүлдү. Жыл башынан бери 1 миллион 890 миң сом каражатка 324 протокол түзүлгөнүн кошумчалайбыз.
Бул багыттагы иштер улантылууда.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Көчөдөн мындай күйүүчү майды сатып албооңузду суранабыз, анткени анын сапаты күмөндүү жана унааңыз үчүн оор кесепеттерге, унаанын бузулушуна алып келиши мүмкүн, андан кийин да сиздин унааңыз баштапкы абалындай болбой калат.