Свердлов районунда бүгүн оңдоо иштери аяктаган соң, Мажүрүм-Тал көчөсүнүн  жана Февраль тилкесинин салтанаттуу ачылышы өттү.

Иш-чарага Свердлов районунун акими, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, №20 МАБнын башчысы жана аталган көчөлөрдүн тургундары катышты.

Өз кезегинде район башчысы Максатбек Саргазаков тургундарды жаңы жолдордун ачылышы менен куттуктап, бул ишке катышкандарга ыраазычылык билдирди.

Мажүрүм-Тал көчөсүндөгү жол куруу иштерин подрядчы «Айдос Кут» ЖЧКсы жүргүзгөн. Жолдун узундугу 620 метр, асфальт тилкесинин жалпы аянты 3100 чарчы метрди түзөт.

Ал эми Февраль тилкесиндеги жол куруу иштерин подрядчы «Дорсервис» ААКсы жүргүзгөн. Жолдун узундугу 340 метр, асфальт тилкесинин жалпы аянты 1700 чарчы метрди түзөт.