Октябрь районунун түштүк кичи райондорунда акимиат жана "Бишкек суу чарба" МИ аркылуу 9 миң метрден ашык ирригация реконструкцияланууда.
Алсак, №3,4,5,11,12 жана «Асанбай» кичи райондорунда «Мегаюг» подряддык уюму иш алып барууда, план боюнча сугат тармактарын реконструкциялоонун жалпы узундугу 9400 метрди түзөт.
Учурда №3,4,5,11 жана 12-кичирайондо сугат лотокторун орнотууга даярдык көрүү, казуу иштери аяктаса, 5-кичирайонго узундугу 540 метр 180 сугат лотоктору орнотулду.
№6 кичирайондо «Кылым» подрядчы уюму тарабынан сугат лотокторун орнотуу иштери жүрүп, план боюнча реконструкциялоонун узундугу 510 метрди түзөт.
Иш активдүү фазада жана акимиаттын көзөмөлүндө.