“Ата-энелер мектеби” программасынын алкагында №86 мектепте 3-4-класстын ата-энелерине сабак өтүлдү.
Үй-бүлөлүк тарбиянын негизги багыттары – сезүү, кабылдоо, көңүл буруу, түшүнүү жана эстеп калуу, ошондой эле тарбиянын багыттары, мааниси жана ыкмалары темасында мастер-класстар өткөрүлдү.
Эксперттер балага жардам берүү үчүн кандайдыр бир кырдаалда өзүн кандай алып жүрүү керектиги боюнча иш-аракеттер, конкреттүү алгоритмдер жана ыкмалар тууралуу айтып беришти.
Иш-чаранын максаты – билим берүү уюмдары менен ата-энелердин ортосундагы байланыштын жолдорун жана каражаттарын үйрөтүү.
Мындай тренингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат, программага Биринчи май районунун №83 жана 86 мектептери, ошондой эле №1 мектепке чейинки билим берүү уюму (МЧББУ) катышат.
Белгилей кетсек, тренингдер КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде өткөрүлөт.