Көмүрдүн кымбатташына жол бербөө жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Октябрь акимиаты жана монополияга каршы кызматы тарабынан көмүр сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө 1 тонна көмүрдүн баасы Кара-Кече 6000 сом, Кара-Жыра 6200 сом, Шабыркүл 6200 сом.
Алсак, Монополияга каршы кызматы Кылмыш жаза кодексинин 391-беренесине ылайык, Путепроводная көчөсүндө жайгашкан көмүр кампасынын ээсине өлчөө каражаттарына (таразаларына) күбөлүгү жок болгондуктан 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Белгилей кетсек, тиешелүү иштер борбор калаанын башка райондорунда да жүргүзүлүүдө.