Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин делегациясын кабыл алды.

Айбек Джунушалиев Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Лесли Вигерини жылуу кабыл алып, Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен Элчиликтин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде маданий жана билим берүү тармагындагы алмашуу программаларын, ошондой эле бир тууган шаары аталган Колорадо-Спрингс  менен мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы эл аралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.

Белгилей кетсек, 1994-жылдын 22-февралында Бишкек шаары менен Колорадо-Спрингс шаарынын ортосунда Тынчтык жана кызматташтык келишимине кол коюлган.