Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен бирдикте жер амнистиясына кирген объектилер боюнча комиссия ишин улантууда.

Ленин райондук комиссиясында 41 материал каралып, 15 оң чечим чыгарылган, 5 материал кайра кароо жана толуктоо үчүн жиберилген, 21 материал шаар куруу корутундусун берүү үчүн «Бишкекбашкыархитектура » МИге жөнөтүлдү.

Свердлов райондук комиссиясы тарабынан 55 материал каралып, 25 материалга оң чечим чыгарылган, 5 материал кайра кароо жана толуктоо үчүн жиберилген, 25 материал шаар куруу корутундусун берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жиберилди.

Урматтуу шаардыктар! Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө Тунгуч, 57 (Жеке турак-жай жана шаар куруу департаменти)  дареги боюнча кабыл алынат, байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.
Маалымдама: Комиссиялар 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун негизинде иш алып барат.