Бишкек шаарынын райондук администрацияларында кирешелер боюнча штабдын жыйындары өттү.

Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Райым Жолдошов салык кызматынын жана райондук муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, батир ээлеринин салыктарды төлөө, дебитордук карызды кыскартуу, камсыздандыруу боюнча 4 маселени карады.

Биринчи суроо боюнча  жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 2 миллиард 528,5 миллион сом пландын ордуна 2 миллиард 631,2 миллион сом салыктык  төлөмдөр түшүп, аткарылышы 104,1% же 102 миллион 706 миң сом суммасында ашык алынган.

Ижарага алынган турак жайларды салыктык тескөө боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы менен жыл башынан бери 53 млн 620,6 миң сом 7754 патент берилгени маалым болду.

Үчүнчү суроодо, учурда Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына дебитордук карыз 135 млн 998,1 миң сомду түзүп, 2 млн 269,7 миң сомго азайганы белгиленди.

Акыркы суроо, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Чүй-Бишкек филиалынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 10 айында 478 турак жай камсыздандырылган же өткөн жылга салыштырмалуу 163,1% түзсө, 2022-жылы бул көрсөткүч 293 болгон.

Жыйынтыгында Р.Жолдошов 4-топтогу транспорт салыгын, ошондой эле батир ээлеринен чогултуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Урматтуу шаардыктар! 2023-жылдын аягына чейин өтө аз убакыт калды, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө, социалдык максаттарга жана башка көп нерселерге бөлүнгөн салыктарды 31-декабрга чейин өз убагында төлөөгө чакырабыз, анткени райондун гана эмес, элдин жыргалчылыгы үчүн, бирок бул жалпы шаарга да байланыштуу.