Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен район акимдери оңдоо иштери жүрүп жаткан жолдорду жана тротуарларды текшерип жатышат.

Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев жолдордун жана тротуарлардын курулушунун жүрүшүн, көчөлөрдүн санитардык абалын, Фрунзе, Үмөталиев, Чүй, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүндөгү ирригациялык тармактардын абалын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрүнө тротуарларды капиталдык куруу боюнча аткарылган иштердин сапаты боюнча бир катар сын-пикирлер айтылды.

Кыдыруунун жыйынтыгында район башчысы «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына талап кылынган курулуш нормаларына жана эрежелерине жана мамлекеттик стандартка ылайык аныкталган сын-пикирлерди жана кемчиликтерди дароо жоюу боюнча тийиштүү тапшырма берди.