Бишкекте спорттун 12 түрү боюнча «Мектеп Лигасы» уланууда. Мелдештерге Бишкек шаарындагы 100дөн ашык жалпы билим берүүчү мектептер, гимназиялар жана жеке мектептер катышып, жалпысынан 15 миңден ашуун мектеп окуучулары катышууда.

Программанын алкагында 2023-жылдын 13- ноябрынан 18-ноябрына чейин Ленин районунун №95 орто мектебинин спорттук базасында баскетбол боюнча мелдештер болуп өттү. Турнирге 19 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында байгелүү орундарга ээ болушту:
1-орун – №72 мектептин командасы;
2-орун – №95 мектептин командасы;
3-орун – №40 мектептин командасы;
4-орун – №47 мектептин командасы.

Кыздар арасында:
1-орун – №95 мектептин командасы;
2-орун –Bishkek International School (BIS) командасы;
3-орун – №31 мектептин командасы;
4-орун – №102 мектептин командасы.

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мелдештерди Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурууда.