Бишкек шаарындагы №31 мектепте 4-класстын окуучулары менен «Биз баарыбыз планетабыз үчүн жооптуубуз» деген темада класстык саат болуп өттү.

Окуу иш-чарага Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Джунусова жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев катышты.

Сабактын жүрүшүндө мектеп окуучуларына 9-класстын окуучуларынан видеосабак көрсөтүлүп, алар өсүп келе жаткан муундарды планетабыздын тазалыгына, жаратылышка аяр мамиле жасоого өз салымдарын кошууга үндөштү. Үйдө гана эмес, көчөдө, коомдук бакчаларда, сейил бактарда да этият болуп, тартипти сактоо керектиги тууралуу сөз болду.

Класстык саатта окуучулар таштандыларды туура чыгаруу, айлана-чөйрөнү таза кармоо жана мектептин айланасын жашылдандыруу боюнча тапшырмаларды аткарышты.

Сабактын аягында келген коноктор  тартылган сүрөттөрдү белекке алышты жана класстык саат салттуу “Тазалык сенден башталат” деген ураан менен аяктады.