Бишкекте ыктыярдуу жергиликтүү серепти иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун семинары болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков катышты.

Алсак, баяндамаларды Бишкек шаарынын мэриясынын эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмүнүн башкы адиси, КР Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, экологиялык коопсуздук боюнча эксперти, башкы Турак жай-коммуналдык чарба департаментинин адиси жана Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору жасашты.

Жумушчу топтун семинары долбоордун презентациясына, ошондой эле ТӨМгө жетүү стратегиясын иштеп чыгууну жана алардын көрсөткүчтөрүн тандоону кошо алганда, ыктыярдуу жергиликтүү серепти иштеп чыгууну илгерилетүү максатында ыктыярдуу жергиликтүү серептин методологиясына, ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрү үчүн боло турган иш-чараларды жана контролдук чекиттерди талкуулоого багытталган.

Белгилей кетсек, «Ыктыярдуу жергиликтүү серептер: Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө өткөөл экономикасы бар шаарларды жашыл, туруктуу жана туруктуу калыбына келтирүү үчүн күбөлүк» долбоору ыктыярдуу жергиликтүү серептин потенциалын пайдалануу аркылуу ТӨМдү социалдык-экономикалык калыбына келтирүүнү жана локалдаштырууну илгерилетүүгө багытталган.

Семинардын жыйынтыгы боюнча бардык кызыкдар тараптар ыктыярдуу жергиликтүү серептин методологиясы, анын ичинде анын негизги этаптары жана натыйжалары менен таанышышты, 2024-жылга чейинки иш-чаралардын жол картасын макулдашышты, ошондой эле ТӨМдү тандоо жана алардын көрсөткүчтөрү менен макулдашышты.

Эске салсак, 2023-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковдун төрагалыгы астында ыктыярдуу жергиликтүү серепти даярдоо боюнча комиссиянын биринчи отуруму болуп өткөн. Анын жүрүшүндө ыктыярдуу жергиликтүү серепти даярдоонун план-графиги, ыктыярдуу жергиликтүү серептин сунуш кылынган түзүмү жана ыктыярдуу жергиликтүү серепти иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ жөнүндө Жобо бекитилип, ошондой эле ыктыярдуу жергиликтүү серепке киргизүү үчүн туруктуу өнүктүрүүнүн № 6, 7, 11 жана 13 максаттары аныкталган.