Ленин районунун акимиатында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу  өттү.

Жыйынга жетекчинин социалдык маселелер боюнча орун басары Айзада Джунусова  катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдар ойноочу аянтчаны натыйжалуу пайдалануу боюнча долбоор каралды.

Айзада Джунусова  өз сөзүндө, жумшак жана катуу жабдыктарды, идиш-аяктарды, кошумча кызматкерлерди, ошондой эле кошумча балдар аянтчаларын куруу мүмкүнчүлүгүн болжолдуу эсептөө керектигин белгиледи.