Свердлов акимиатынын жыйындар залында, башчынын орун басары Асель Садыкованын төрагалыгы алдында Свердлов районунун мектеп жана бала бакча директорлору менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, "Свердлов райондук билим берүү мекемелериндеги балдар арасында тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча рейддердин жыйынтыктары жөнүндө" маалымдама айтылды.

Бала бакчалардагы жана мектептердеги иш кагаздарын жүргүзүүдө аныкталган кемчиликтерди жоюуга өзгөчө көңүл бурулуп, санитардык нормаларды жана эрежелерди сактоо менен ишти уюштуруу тапшырылды.

Ошондой эле, алдыдагы күз-кыш мезгилин өткөрүү жана оңдоо иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, "кач же өл" оюнунун социалдык тармактарда жайылышына жол бербөө боюнча ата-энелерге жана окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча тамак-аштын сапатына көзөмөлдү күчөтүү, билим берүү уюмдарынын имараттарында температуралык режимге туруктуу мониторинг жүргүзүү, ошондой эле жолдон өтүүдө окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында иш-чараларды өткөрүү тапшырылды.