Кооз өсүмдүк отургузуу жана өстүрүү ийгилиги көбүнчө көчөттүн тамыр системасынын абалына көз каранды экендиги эч кимге жашыруун эмес.

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы жабык тамыр системасы (ЖТС) менен көчөттөрдү өстүрө баштады. Бул технология ишкананын өзүнүн питомнигнде биринчи жолу киргизилип жатат.

Жабык тамыр системасы менен көчөттөр ачык жерге эмес, атайын күнөсканаларда, түздөн-түз желим идиштерде же желим баштыктарда өстүрүлөт. Бул учурда, ар бир өсүмдүк өзүнчө идишке же баштыкка олтургузулат.

Жабык тамыр системасы менен отургузуу материалы ачык тамыр системасы менен көчөттөрдөн бир катар артыкчылыктарга ээ. Жабык тамыр системасы менен көчөттөр камсыз кылат:

- өсүмдүктөрдүн 100% өсүү  коэффициенти, анткени отургузуу учурунда көчөттөр контейнерлерден алынып, жердин бир бөлүгү менен отургузулгандыктан, алардын тамыр системасы жабыркабайт;
- жерге отургузуу алдында сактоодо көйгөйлөрдүн жоктугу жана вегетация мезгилинде каалаган убакта көчөт отургузуу мүмкүнчүлүгү, б.а. жаз, жай, күз;
- гүлдөө жана мөмө берүү ачык тамыр системасы менен көчөттөрдү караганда тезирээк болот, анткени, контейнердеги өсүмдүктөр өскөн тамыр системасы бар;
- көчөттөрдү ыңгайлуу ташуу.

Ошентип, «Бишкек жашыл чарба» МИнын кызматкерлери келе жаткан 2024-жылга отургузуу үчүн материал даярдап жатышат. Ишкана өзүнүн чарбалык каражаттарынын эсебинен жалбырактуу, ийне жалбырактуу жана бадал түрлөрүнүн көчөттөрүн сатып алган. Учурда питомникке 2048 даана ийне жалбырактуу өсүмдүктөр, ошондой эле 750 даана жалбырактуу өсүмдүктөр келип түштү.

Келген көчөттөрдүн жарымы питомниктин ачык жерине отургузулуп, калган жарымы жабык тамыр системасы менен олтургузулат.