«Слоники» скверинде  жалпы аянты 263 погон метрди түзгөн Б-2-2 маркасындагы жаңы сугат лотоктору орнотулду.

Эске сала кетсек, учурда «Ала-Арча» дарыясынын жээгинде куураган бадалдарды жана бак-дарактарды, камыштарды жана башка отоо чөптөрдү алуу  иштери жүрүп жатат, ошондой эле Свердлов жана Биринчи май райондорунда ачык жана жабык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата өндүрүштүк иш планына ылайык, шаардын кургакчыл жана суусу аз аймактарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн муниципалитет тарабынан үчүнчү жаңы скважина бургулоо иштери жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаардыктыр! Магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону жана шаардык тейлөө кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.