Бишкекте спорттун 12 түрү боюнча «Мектеп Лигасы» уланууда. Программанын алкагында 2023-жылдын 10-ноябрынан 16-ноябрына чейин Свердлов районунун №16 орто мектебинде тэг-регби боюнча мелдештер болуп өттү.

Жалпысынан турнирге 10 команда катышты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү топторр байгелүү орундарга ээ болушту:

1-орун  - № 87 мектептин командасы;
2-орун -  № 89 мектептин командасы;
3-орун  - №1 мектептин командасы;
4-орун  - № 53 мектеп командасы.  

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин ийгиликтери менен куттуктайт.