Ленин жана Биринчи май райондорунда баңгизаттын зыяны боюнча окуучулардын ата-энелери менен жолугушуулар өттү.

Жыйынга Ленин районунун башчысынын орун басары Айзада Джунусова, КР ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, республикалык жана шаардык ден соолукту чыңдоо жана ММК өкүлдөрү, райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Иш-чарада окуучулар арасында баңгизат жана психоактивдүү заттарды колдонуунун алдын алуу, тамеки тартуу жана электрондук тамекилердин зыяндуу таасири тууралуу маселелер талкууланып, окуучуларга мыйзамсыз заттарды колдонуунун кесепеттери жана укук бузуулар менен кылмыштардын жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Дарыканага көз карандылык боюнча Биринчи май районунда ата-энелер менен №24 жана № 6 мектептердин жыйындар залында жолугушуу болуп өттү.

Кооптуу тенденция тууралуу ата-энелер менен бирге бул маселени Биринчи май районунун башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова, КР ИИМнин Бишкек шаардык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, милициянын майору Акылбек Джоорбаев, балдар иштери боюнча инспекциянын башчысы Максат Жапаров талкуулашты.

Иш-чарада катышуучуларга өспүрүмдөрдүн кооптуу абалда калгандыгы тууралуу айтылды, видео-роликтер көрсөтүлуп андан кийин суроолорго жооптор алынды.

Жыйынтыгында зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борборунун психологу Снежана Салтанова аталган мекеме акысыз психологиялык жардам көрсөтүп жаткандыгы тууралуу ата-энелер менен маалымат бөлүштү.

Кымбаттуу ата-энелер! Борбор калаада республикалык психиатрия жана наркология борборунун алдындагы жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү борборунун телефондору иштеп жатат: 0555 250 852, 0777 460 620, 0501 563 333, чалуулар иш күндөрү саат 9:00дөн 16:00гө чейин гана кабыл алынат.