Бишкекте Юнусалиев көчөсүндөгү тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктады.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ Баторго чейинки узундугу 3200 метр тротуарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү.

Капиталдык оңдоо иштери чыгыш тараптан башталып, жумуш аяктагандан кийин бригада батыш тарапка өткөн.

Иш учурунда кызыл сызыктан чыккан объектилер жоюлуп, тротуардын туурасы сакталып калган.

Азыр Юнусалиев көчөсүндө жаңы асфальтталган тротуар, ирригациялык система жана жаңы бордюрлар бар.

Белгилей кетсек, аталган аралыкта тротуарлардын курулушу Совет мезгилинде эле жүргүзүлгөн.