Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Октябрь районунда жарандар менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Район акими Жаныбек Орозалиевдин төрагалыгы алдында жумушчу комиссия  өттү.

Коомдогу социалдык абалга терс таасирин тийгизген ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө, тартипке салуу чаралары талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында калк менен жана ресторан, кафелердин ээлери менен түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, өткөн жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти  «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.