Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин жумушчу кеңешмесинин жыйынтыгында Биринчи май райондук администрациясында аким Мурат Осмоновдун төрагалыгы алдында акимчиликтин жана МАБдардын жетекчилиги менен жыйын өттү.


Жыйындын негизги темасы акимиаттын ишинин натыйжалуулугу, анын бөлүмдөрүнүн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсү болду.


Шаардык кызматтардын туруксуз иштөө фактылары катталды. Санитардык тазалоо жана катуу таштандыларды чыгаруу графиги сакталбай, тротуарларды  сапатсыз оңдоо иштери да белгиленген.


Жетекчи оң натыйжаларга жетүү үчүн ишке системалуу мамиле кылуу керектигин белгиледи.


Бөлүм башчыларына ар бир кызматкерге иш жүктөмүн туура бөлүштүрүү, ар тараптуулукту жана бири-бирин алмаштырууну эсепке алуу тапшырылды. Демилгелүүлүктү көрсөтүп, ар бир кызматкердин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу белгиленди.

Мындан тышкары, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү, Биринчи май районунун тургундарынын сын-пикирлери жана сунуштары үчүн санарип аянтчасын түзүү маселеси боюнча иш алып баруу тапшырылды.


Уюштуруу бөлүмүнө ар бир бөлүмдүн ишмердүүлүгүн талдоо, алардын функцияларын,  иш процесстеринин күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо милдети жүктөлдү.


Отурумдун жыйынтыгы боюнча тапшырмалардын протокол түзүлдү.