Борбор калаада мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарындагы тротуарларды куруу маселеси боюнча жыйын өттү.
Жыйынга ошондой эле мэрдин биринчи орун басары, мэрдин транспорт жана курулуш боюнча орун басары, райондун акимдери, транспорт департаментинин директору жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженери катышты.
Мэр Бишкек шаарындагы тротуарларды капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүнө административдик райондордун башчылары тарабынан көзөмөлдүн жетишсиздигин белгилеп, тиешелүү кызматтарга курулуш учурунда аныкталган мыйзам бузууларды тез арада жоюп, шаар тургундары, меймандары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.
Айбек Джунушалиев тротуарларды капиталдык оңдоп-түзөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча жарандарга эскертүү берүү үчүн тийиштүү маалымат белгилерин орнотууну тапшырды.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри подрядчылар тарабынан өз убагында бүткөрүлбөгөндүгү жана бүткөрүлгөн иштердин акыркы актысы келишимге ылайык белгиленген мөөнөттө берилбегендиги үчүн айыптарды төлөө боюнча иштерди уюштуруу милдетин койду.
Жыйындын жыйынтыгында жетектеген орун басарына эскертүү берилип, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын директоруна жана башкы инженерине катуу сөгүш, ошондой эле райондук администрациялардын башчыларына курулуш иштерин өз убагында бүтүрбөгөндүгү жана көзөмөлдүн начардыгы үчүн оозеки сөгүш жарыяланды.