Свердлов, Ленин, Октябрь жана Биринчи май райондорунун акимчиликтеринде МАБдардын жетекчилеринин, «Тазалык» МИнин абоненттик бөлүмүнүн инспекторлорунун жана РИИБ өкүлдөрүнүн катышуусунда «Тазалык» муниципалдык ишканасынын абоненттик базасын көбөйтүү боюнча жыйындар өттү.
Жыйында «Тазалык» ишканасынын абоненттик базасын кеңейтүүгө байланышкан маанилүү жагдайлар талкууланды. Катышуучулар пикир алмашып, бул көйгөйдү чечүү боюнча конкреттүү кадамдарды сунушташты.
Жыйындын жыйынтыгында төмөнкү тапшырмалар берилди:
- «Тазалык» МИнин абоненттик бөлүмүнүн инспекторлору МАБ жана РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте ишкананын абоненттик базасын аныктоо жана көбөйтүү боюнча күн сайын рейддерди өткөрүшөт;
- МАБдын жетекчилерине катуу тиричилик калдыктарын (ТКК) чогултуунун жана чыгаруунун жаңы тартиби жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрдү таратуу тапшырылды. Билдирмеге ылайык, эми чарба жүргүзүүчү субъектилер таштандыларды түнкү саат 23:00гө чейин чыгарышы керек;
- Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан чарбакер субъекттердин арасында таштандыларды белгисиз жайларда таштоого жол бербөө боюнча рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү керек.