“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы борбор калаанын конуштарындагы жолдорго шагыл төшөө иштерин улантууда.
Биринчи май районунун аймагындагы “Калыс-Ордо” жана “Мурас-Ордо” конуштарындагы жолдорго шагыл төшөлгөн. Бул багыттагы иштер толук аяктап, бригада Ленин районунун аймагында ишин улантууда.
"Ак-Ордо" конушунун Садыр-Аке, Ак-Шумкар, Акыл-Карачач, Кыдыр-Аке, Атабай, Арстанбек, Алты-Бакан көчөлөрүндө шагыл төгүү иштери бүткөрүлдү. Учурда Бурана жана Ак-Булак көчөлөрүнө шагыл төгүлүүдө.
Ошондой эле Свердлов жана Октябрь райондорунун конуштарынын жолдорун шагыл аралашмасы менен толтуруу пландалууда.