Сугат системаларын тазалоо-кыш мезгилине даярдык көрүү этаптарынын бири.
Суук аба ырайында түтүктөрдөгү суу тоңгон учурда ал кеңейет. Тоңуу-эрүү циклдери канчалык көп болсо, сууну кармап турган жабдуулар ошончолук көп бузулат.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери атайын техниканын жардамы менен жер астында жайгашкан сугат түтүктөрүнөн  калган сууну үйлөтүп жатышат. Ирригациялык системаны суу кызматкерлери аба компрессорунун жардамы менен тазалашууда.

Компрессор насостон кийин тазалоочу агрегатка туташтырылат. Сактагычтан бардык суу адегенде зоналар аркылуу төгүлөт. Суу чыкканга чейин ар бир зона  жок дегенде 4 жолу тазаланат.