2023-жылдын 18-ноябрында Бишкектин чыгыш тарабында муздак суу болбойт.
Сууну өчүрүүгө диаметри 500 мм болгон магистралдык суу түтүгүндөгү авариянын жоюлушу себеп болгон. Чоң диаметрдеги магистралдык суу түтүгүн оңдоо өтө татаал жана эмгекти көп талап кылган процесс.
Саат 9:00дөн баштап саат 24:00 гө чейин таза суу берүү токтотулат:
- "Учкун" кичи району;
- «Учкун» конушу.
«Бишкексууканал» башкармалыгы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, ишканаларды, мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди, ошондой эле калкты ичүүчү суу камдап алууларын суранат.