Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Абдыжапаркул Жанболотов, №1 Шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мусаев жана жамааты катышты.
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан №1 Шаардык клиникалык ооруканасынын эндокринология бөлүмүнүн имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Имараттын биринчи жана экинчи кабаттарынын коридорлору жана тепкичтери, палаталар, имараттын фасады оңдолуп, жылытуу жана электр тутуму толугу менен алмаштырылып, жарандарга шарт түзүү максатында кирүү тобу курулду.