Октябрь акимчилигинде бир жолку материалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.
Жыл башынан бери комиссия тарабынан 563 арыз каралып, анын ичинен 537 документ канааттандырылган, 26 арыз ар кандай себептер менен четке кагылган.
Белгилей кетсек, материалдык жардам көрсөтүү маселелерин кароодо арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, алардын транспорттук каражаты, кыймылсыз мүлкү, ошондой эле башка булактардан жардам алуусу эске алынат.
Бир жолку материалдык жардам Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген жобого ылайык жылына бир жолу берилет.
Финансылык жардам көрсөтүү боюнча маалымат алуу үчүн 0312 51 04 52 номуруна чалыңыз.