Биринчи май районунун жалпы билим берүү мекемелеринде “Смартфонсуз сабак” долбоору ишке ашырылды.

Бүгүн Биринчи май район башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова калган эки №6 жана №78 мектептерге телефон үчүн кутуларды тапшырып, ошондой эле смартфонсуз  сабактын жүрүшү менен таанышты.
Мектеп окуучуларынын алаксыбашы жана материалды жакшы өздөштүрүүсү үчүн сабактарды баштаардан мурун окуучулар өздөрүнүн гаджеттерин бардык класстарда орнотулган номурланган кутуларга коюшат, сабактын аягында же тыныгуу учурунда балдар смартфондорун кайра колдоно алышат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн райондогу 22 мектепке 1801 куту сатып алынып, ага жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырованын демилгеси менен №70 мектеп пилоттук долбоор болуп, ал кезде ар бири 30 кулпуланган чөнөктөн турган 140 куту сатып алынган.