"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаар боюнча аялдама комплекстердин аймагын көрктөндүрүүнү улантууда.
Алсак, ишкананын кызматкерлери Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги "Шумкар" аялдама комплексинин чөнтөгүн 3,5 метрге кеңейтип, жол бордюрларын орнотуп, асфальт-бетон аралашмасын төшөштү.
Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишиндеги түндүк-чыгыш тарабындагы "Ала-Тоо" аялдама комплексин көрктөндүрүү иштери аяктоодо. Комплекс 50 погондук метрге кеңейип, аялдаманын аймагы 6 метрге жылдырды.
Чүй проспектиси менен Т.Молдо көчөсүнүн кесилишинде "МСК" аялдамасы асфальтка даярдык иштерин аяктап, асфальтбетон аралашмасын төшөө иштери башталды. Жакында комплекстин өзүн орнотуу иштери башталат.
Ошондой эле Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде "ЦУМ" аялдамасы менен тирөөчтөрдү демонтаждоо иштери башталды.