16-ноябрдан тарта Бишкектеги №107-маршрутту «БЖАИ» муниципалдык ишканасы тейлейт.


Мындай чечим шаардын транспорт тармагын оптималдаштыруунун жана тургундардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынып, эми №107 кичи автобустун ордуна «БЖАИ» муниципалдык ишканасы тейлеген ушул эле номердеги автобустар жүрө баштайт.


Маршрут «Арча-Бешик»  конушунан «Ак-Босого» конушуна чейин созулат, ошону менен шаардын түштүк жана түндүк тарабын да камтып, узундугу 38 км, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт. Бул линияга 21 автобус чыгат.