Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Кишинев көчөсү жүргүнчүлөр үчүн ачылды.
Ошентип Достоевский көчөсүнөн Пархоменко көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүргүзүлдү.
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан эски асфальттарды алуу, жер кыртышын казуу, негизин ныктоо, асфальт төшөө үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү.