Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев Сүйөркулов көчөсү 16/1 дарегинде жашаган тургундар менен жолугушту.
Учурда объектини мыйзамсыз пайдалануу иштери жүрүп жатат, ошондой эле имаратта мыйзамсыз жашоо фактысы боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Куруучу болуп "Нур Жаннат ЛТД" ЖЧК саналат.

Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 10-июнундагы  №93 токтомуна ылайык, "Бишкек шаарынын аймагында курулушту эксплуатациялоого бөгөт коюуга багытталган кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, "соода борбору" өз алдынча эксплуатацияланып жаткан объектисин электр жана суу менен жабдуу тармактарынан ажыратуу боюнча каттар жөнөтүлгөн.

Буга байланыштуу аталган даректе мыйзамсыз жашаган тургундар бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну суранып митингге чыгышкан.
Жыйында район акими Жаныбек Орозалиев жолду мыйзамсыз тосуу, митингдерди өткөрүү мүмкүн эместигин тургундарга түшүндүрдү. Ал ошондой эле маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн шаардык соттун чечимине даттануусу керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин «Квартал Строй» ЖЧКнын директору А.Талиповго «Нур-Жаннат» ЖЧКга соода аянтын мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.